Сооронбай Жээнбеков: Орус тилинин расмий макамы сакталат

13:46, 27 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

«Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт», — деп Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал орус тили — улуттар аралык баарлашуунун башкы куралы экендигин белгиилейт.

«Орус тилине байланыштуу маселелер бар. Анын бири — орус тилинин аймакта окутулушу. Россиянын жардамы менен бул кырдаалды өзгөртмөкчүбүз», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчы латын алфавитине өтүү демилгесин колдобойт.

«Биз латын алфавитине өтпөй туура чечим кабыл алдык. Азыр дагы андай муктаждык жок», — дейт Сооронбай Жээнбеков.