Бишкекте төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

13:19, 27 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте төрт жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, 25-февраль күнү 18.45де айдоочу Москва жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде 2016-жылы туулган кызды коюп кеткен.

Жабырлануучу №3 ооруканага жеткирилген.

Айдоочу жана анын унаасы изделүүдө.