Россияда үч адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги жазды.
Алардын билдирүүсүндө, бейтаптар Diamond Princess лайнеринен Казан шаарына алынып келгендер.
Тектеш
Ушул тапта бул өлкөдө коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн деген шек менен карантинде жаткандардын саны 8 миңден ашык.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 2 миң 760га жетти. Аны 80 миң 994 киши жуктурду. Японияда 170 киши илдетке чалдыкты.