Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков кыздуу болду

16:31, 26 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлөпберген бүгүн кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчы өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Мээрим Төлөпберген үчүнчү ымыркайын дагы Америкада дүйнөгө алып келди. Ал бир ай мурун АКШга ата-энесинин алдыга кеткен.

Мирбек Атабеков кызына Сүйүү деп ысым ыйгарганын билдирди.

Түгөйлөрдүн тун уулу Адам, андан кийин Ыйман аттуу кыздуу болушкан.