Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековдин көзүнүн жаракаты оор эмес

10:39, 26 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековдин көзүнүн алган жаракаты оор эмес. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, балбан Улукбек Жолдошбеков даарыгерлердин кароосунан өттү. Анын көзүнүн чел кабыгынын эки каты айрылып кеткен.

Балбан учурда ооруканада. Анын 7-10 күндө айыгып, машыгууга киришери айтылат.

Жаракат саламаттыгына таасир тийгизбейт.

Белгилей кетсек, Улукбек Жолдошбеков Индияда өткөн Азия чемпиондугунда көзүнөн жаракат алган.