Ажылык-2020. Меккеге сапардын баасы быйыл дагы кымбаттады

09:14, 26 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

2020-жылга ажылыктын баасы 3 миң 350 долларды түзөт. Бул тууралуу муфтият билдирет.

Маалыматка караганда, Сауд арабия Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйылкы жылы жогорулады.

«Андан сырткары виза жана медициналык камсыздандырууну дагы сатып алыш керек», — дейт муфтият.

Белгилей кетсек, ажылык баасы 2018-жылы 2 миң 890 доллар, 2019-жылы 3 миң доллар болгон. Быйыл Меккеге 6 миң 110 зыяратчы сапар тартат.