Куран айтуу сынагы. Муфтият байге фондун 1,5 миллион сомго белгиледи

16:17, 25 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

«Куран жазы» аталышындагы республикалык куран жарышы өтөт. Бул тууралууу муфтият маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, сынактын байге фонду 1,5 миллион сомду түзөт.

26-февралдан 28-мартка чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык сынакка катышат.

Сынакта куранды толук жана үзгүлтүксүз жатка айтып бериши керек.

Жарыштык графиги: — Ысык-Көл облусу — 10-март

— Нарын облусу — 12-март

— Талас облусу — 14-март

— Баткен облусу — 17-март

— Ош облусу — 19-март

— Жалал-Абад облусу — 21-март

— Ош шаары — 24-март

— Чүй облусу — 26-март

— Бишкек шаары — 28-март

Үч номинация боюнча жарышып, биринчи орунду ээлеген үч кишиге 100 миң, 150 миң жана 200 миң сом ыйгарылат. 2-орундар 70-100-150 миң сом алышат. Үчүнчүгө 50 миң, 80 миң, 100 миң берилет.