Баткенде чакан бала бакча ачылды

15:22, 24 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Баткен районунун Кара-Токой айылында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Аны куруугуа Суу-Башы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен жана гранттардын эсебинен болуп жалпы 5 миллион сом каражат жумшалды.

Фото

Бала бакча 24 орун гана орундуу. Ага айылдагы 7 жашка чейинки жаш балдар толугу менен тартылды.

Белгилей кетсек облус боюнча 185 мектепке чейинки билим берүү мекемелери болсо, анын 163 мамлекеттик, 22 жеке менчик.

Бүгүнкү күндө облус боюнча балдар бакчаларына тартылган балдардын саны 22миңден ашты.