Теракт боюнча телефондон жалган маалымат берген адам кармалды

12:38, 24 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде теракт даярдалып жаткандыгы боюнча жалган маалымат берген 30 жаштагы жаран кармалды. Бул туурадуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 23-февралында саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деген ысым менен тааныштырган адам, саат 16.00 Бишкек шаарындагы соода борборлордо теракт болот деген маалымат берген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефончалган Тагир Султанбеков аттуу КР жараны экендиги такталды. Ал 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып № 1-түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып, № 1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Тагир Султанбеков 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан пара талап кылуу жана терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо айыбы менен 11 жылга соттологон. 2017-жылы № 3-түзөтүү колониясында отурган учрундадагы терроризм актысы туралуу телефондон жалган маалымат берген.

УКМК эскертет, террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.