11:34, 21 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
5 миң 600 баланы ата-энеси бөтөн адамдарга таштап миграцияга кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Анын айтымында, балдардын кароосуз калтырып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда.
«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер бар. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдап жатабыз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда», — дейт ал.
Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок бөтөн адамдарга таштап миграцияга кетип калганын белгиледи.