01:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда мектеп курактагы балдардын 40 пайызы ар кандай ишке тартылат

Кыргызстанда мектеп курактагы балдардын 40 пайызы ар кандай ишке тартылат. Бул тууралуу «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов билдирди.

Анын маалыматында, 2019-жылдын эки айында 45 миң мектеп окуучусу эмгектенген.

«30 миң бала майып. Андан тышкары, ата-эненин кароосуз калган балдардын да саны өсүүдө. 2019-жылы 5 миң 369 бала оор кырдаалда калган», — дейт ал.

175 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар