11:58, 20 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы жакшы. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө. Арыздануулар болсо жардам көрсөтүүгө даяр», — дейт ал.
Алмазбек Атамбаев август айынан бери УКМКнын абагында кармалууда. Анын уулдары кечээ мурдакы президенттин кан басымы төмөндөп кеткенин айтышкан.