Төө-Ашуудагы Көлбаев туннели толук ачылды

10:23, 20 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев туннели толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымындагы кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары аяктады. Кечинде туннел толугу менен ачылып, унаалар өтүп баштады.