10:16, 20 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Согди облусунун ички иштер башкармагынын начальниги генерал Абдулло Навжувоновдун сөзүнө баа берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабылды Тиллаев билдирди.
Ал Тышкы иштер министрлигин генерал сөзүнө баа берип, эл аралык келишимдердин негизинде жооп айтууга чакырды.
«Андай сөз андай жерде айтылбаш керек. Мындай көз-карашта кызматкерлер жооптуу орундарда иштебеши зарыл», — деди депутат.
12-февралда Абдулло Навжувонов алгачкы маалымат жыйынында «Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес» деген айткан. 14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода чакыртылган. Кыргыз тарап Навжувоновдун чек ара тууралуу айткан сөзүнө кескин тынчсыздануусун билдирген.