Кара-Сууда мечиттен өрт чыкты

10:06, 20 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда мечиттин чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы мечиттин 300 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.