Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын ден-соолугуна кабатыр

09:40, 20 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү анын ден-соолугуна кабатыр.

Уулдарынын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кеткендиктен инсулть, же инфаркт алуу коркунучу бар.

Маалыматты анын жактоочусу Замир Жоошев дагы ырастаган.

«Атамдын кан басымы төмөндөп, 76-60ка жетти. Даарыгерлер так маалыматты жашырууда», — дейт Сеид Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев август айынан бери УКМКнын абагында кармалууда.