12:19, 19 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
20-февралдан тарта Кытайдын жарандарына Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.
Чечим Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалдын курчушунан улам кабыл алынды.
Азырынча Россиядан башка мамлекет мындай чечим кабыл ала элек.