Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова хиджаб кийгенин маалымдады

12:14, 19 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова мындан ары жоолук салынып жүрөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал instagram баракчасында билдирди.

Анын айтымында, көптөн күткөн күнү ишке ашты.

«Алла талаанын мага берген жакшылыктарына шүгүр. Аялдык милдетимди аткарууну чечтим. Мындан ары мени жоолукчан көрөсүздөр», — дейт ал.