Коронавирус. Кыргызстан Кытайга жардам жөнөттү

16:12, 18 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, жети тоннага жакын жүк «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетине чейин жеткирилди. Гуманитардык жардам антисептикалык жана зыянсыздандыруучу, жеке коргоочу медициналык каражаттардан турат.

Кытайда вирусту жуктургандардын саны 70 миңден ашты. Кытайдан тышкары 27 өлкөдө 523 адам ооруйт: Япония, Таиланд, Сингапур, Гонконг, Корея, Тайван, Австралия, Германия, АКШ жана Малайзия.