Алишер Абдрахманов Баткенге өкмөттүн өкүлү болду

11:55, 18 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алишер Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн жаңы облус башчысын облусттук аппарат менен тааныштырары күтүлүүдө.

Алишер Абдрахманов 1962-жылы 30-августа Баткен облусунун Баткен районунда туулган.

1999 -жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юридика бөлүмүн аяктаган.