Ал 2019-жылы июлда Дубайда кармалып, үч жумадан кийин белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган.
Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, Каримов Тажикстанда бир катар кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүү, кыйноо, батымтага алуу жана мыйзамсыз курал-жарак сактоо беренелери боюнча айыпталууда. Ал 1999-жылы өлкөдөн чыгып кетип, Малайзияда ишкерлик менен алектене баштаган. Ага чейин Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын тобунун жетекчи орун басары жана Футбол федерациясынын башчысы кызматтарында иштеген.