107 миң мектеп окуучусунун ата-энеси миграцияда жүрөт

15:54, 17 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

107 миң мектеп окуучусунун ата-энеси миграцияда жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Жусупбаева Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын балдары каттоого алынып, жылына 3 жолу текшерилет.

«Мигранттардын балдарына атайын карточка ачылган. Анда балага ким жооптуу экени көрсөтүлөт», — дейт Надира Жусупбаева.