13:41, 17 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Эртең Тажикстандын Бишкектеги элчигинин алдында митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүнкү тегерек стөлдө айтылды.
«Тажик генералына жана анын үй-бүлөсүнө Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу керек», — деп билдирди активист Токтайым Үмөталиева.
Митингде тажик президенти Эмомали Рахмонго Абдулло Навжувоновду кызматтан бошотуу жана жоопкерчиликке тартуу сунушталат.
Эскерте кетсек, тажик генералы 12-февралда маалымат жыйында Баткен облусу эч качан Кыргызстандын аймагы болбогондугун айтты.