Аймактык бөлүп-жаруу маселесин козгогон блогер Sydyman суракка чакырылды

13:24, 17 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Фото

Бүгүн Инстаграмдагы блогер Sydyman Октябрь РИИБсине суракка алынып келинди. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматкери Айбарчын Батырбекова билдирди.

Блогер Элмир Сыдымановду кармоого ал түз эфир аркылуу элди түндүк-түштүккө бөлгөнү себеп болгон. Эске салсак, блогер буга чейин инстаграм баракчасы аркылуу түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.

Маалыматка таянсак, аны Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде милицияга чакыртышкан.