Кыргыз жарандарын Россия ЖОЖдоруна кабыл алуу жүрүүдө

14:49, 14 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Россиянын бир катар окуу жайлары кыргыз жарандарын 2020-2021-окуу жылына кабыл алууда. Бул тууралуу rusinkg.ru сайты маалымдайт.

Россиянын ЖОЖдорунда бекер окууну каалагандар 2-мартка чейин документ тапшырышы керек. Керектүү иш кагаздарын https://future-in-russia.com/ жөнөтүү зарыл.

«Россия Кыргызстанда» уюму адистик боюнча алгачкы тандоону өткөрөт. Андан кийин Россиянын Билим берүү жана илими министрлиги ЖОЖдорго бөлөт.