Маданият министрлиги кыргызча мультфильмдерди тартууга сынак жарыялады

11:22, 14 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилинде мультфилмдердин сценарийине сынак жарыялады.

Анимациялык фильмди тартууга министрлик 10 мүнөттүк мультфильмге 1,5 миллион сом, 30 мүнөттүккө 2 миллион сом бөлүп берүүгө даяр.

Сценарийге болгон талаптар:

— Мазмундуулугу сынактын темасына ылайык келиши керек;
— Сынактык сценарийлерде болочок фильмдин балдарга болгон жеткиликтүүлүгү: материалдар жөнөкөй жана жаш балдардын аудиториясы үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;
— Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү;
— Сынактык сценарийлерди тандоодо мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук салттарга жана тарых, жаш муунду тарбиялоого басым жасоо мамилелери эске алынат.
— Мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү.

Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат. Аны атайын комиссия карап чыгат.

Сценарийлерди 13-мартка чейин жөнөтүү зарыл.