Азимбек Бекназаров Малайзияга жөнөп кетти

10:46, 14 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Азимбек Бекназаров Малайзияга жөнөп кетти. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров Facebook баракчасына жазды.

Ал атасынын Кыргызстан менен Малайзиянын мамилесине өзгөрүүлөр алып келерине ишенимин билдирет.

Фото

«Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат», — дейт ал.