13 жашар кызды зордуктаган жаран 12 жылга эркинен ажыратылды

10:30, 14 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

13 жашар кызды зордуктаган жаран 12,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунда 12,5 жашар кызды зордуктоо боюнча кылмыш ишин кароо жыйынтыкталып, өкүм чыгарылды.

Айыпталуучу кыздын ата-энесинин үйүнө конокко келип турган. Ал кызды бир нече зордуктаган. Ал бул тууралуу ата-энеси айткандан коркуп, ооз ачкан эмес.

Экспертиза кыздын зордукталганын аныктады.