Парламентте фамилияны «уулу», «кызы», же «тегин» деп тандоо сунушталууда

13:25, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште балага күбөлүк алуунун жолун жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору каралууду.

Демилгечи депутат Исхак Пирматовдун айтымында, мыйзам долбоордо ата-энеге баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жашаган жерине карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын өзүнө ыңгайлуу филиалынан алууга шарт түзүлөт.

Андан тышкары, күбөлүк ата-энесинин паспорту менен гана берилет.

«Балким ата-эне баласынын фамилиясын «уулу», «кызы», же «тегин» деп жазгысы келет. Бул укукту биз ар бир жарандын өз тандоосуна коюшубуз керек. Мен мисалы балдарымды «Пирмат тегин» деп жазууну каалайм», — дейт Исхак Пирматов.