Ош, Токмок жана Караколдун жашоочуларынын саны кескин өстү

13:05, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Ош, Токмок жана Каракол шаарларынынын жашоочуларынын саны акыркы бир ай ичинде кескин өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

2019-жылы Ош шаарына 36 миң 35 жаран каттоого турса, Токмокко 9 миң 220, Караколго 5 миң киши катталган.

2020-жылдын 1-январынан тарта 11-февралына карата Ош шаарына 33 миң 805 киши катталды. Токмокко 6 миң 950, Караколго 2 миң 798 киши көчүп барды.

Белгилей кетсек, бул шаарларда 12-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.