11:36
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Диалект үйдөн чыкпасын. Депутат адабий тилдин тагдырына кабатыр

Адабий тилдин ордун мыйзам чегинде бекитүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Сайдулла Нышанов сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, кыргыз тилин сактоо үчүн адабий тилди колдонуу ордун белгилеш керек.

«Кыргыз тилин сактоо үчүн Жогорку Кеңештин трибунасынан баштап, баардыгыбыз бир тилде сүйлөшүбүз керек. Азыр жада калса саламдашканыбыз да ар башка тилде болуп жатат. Радио жана ТВнын алып баруучуларынын тилинен диалект байкалат. Диалект менен үйдө сүйлөсүн. Бул маселени мыйзам чегинде чечиш керек», — деди ал.

 
Эң көп окулган жаңылыктар