Көчмө каттоо. Шайлоо өтө турган шаарларга убактылуу катталгандардын саны өстү

10:29, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Шайлоо өтө турган шаарларга 10 миңдеп айылдардын тургундары катталып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Ал жергиликтүү шайлоолорго карата жарандарды жасалма каттоолор жүрүп жатканын айтты.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн чакырып маалымат угалы. Шайлоо өтө турган шаарларга 10 миңдеп айылдардын тургундары катталып жатышат. Ар кандай ыплас жолдор менен добуш сатып алуунун түрлөрү колдонуп жатышат. Ошолорду токтотуш керек», — дейт депутат.

Буга чейин Токмок шаарынын тургундарынын саны кескин өскөнү айтылган.