Коронавирусту жуктургандардын саны 60 миңден ашты

10:13, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Коронавирусту жуктургандардын саны 60 миң 328ге жетти. Бул маалымат илимпоздор иштеп чыккан онлайн картада көрсөтүлөт.

Акыркы сутка ичинде вируска чалдыккандардын саны 15 миң 147га өстү. Илдеттен 1 миң 368 адам көз жумду. Ал эми айыккандардын саны — 5 миң 995.

Хубей аймагында 48 миң 206 адам коронавирус менен ооруп, 1 миң 310 каза тапты.

Фото

Коронавируска чалдыккан өлкөлөрдүн саны дагы көбөйүүдө. Кытайдан тышкары 27 өлкөдө 523 адам ооруйт: Япония, Таиланд, Сингапур, Гонконг, Корея, Тайван, Австралия, Германия, АКШ жана Малайзия.