Валентина Шевченко алты айга мушташтан четтетилди

09:36, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

UFC чемпиону Валентина Шевченко алты айга мушташтан четтетилди. Бул тууралуу Акипресс маалымдайт.

Техас штатынынын лизенция берүү департаменти Валентина Шевченкону медициналык көрсөткүчтөрдөн улам 6 айга рингге чыгууга тыюу салган.

Бул боюнча азырынча чемпион комментарий бере элек.

9-февраль күнү Хьюстон шаарында беттеш өтүп, үчүнчү раундда Валентина Шевченко атаандашы америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алды.