09:25, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
2020-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 1,8 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Ички дүң продукт 31 миллиард сом болуп, 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 пайызга өстү.
Январь айында эң көп чийки мунайзат жана жаратылыш газы (38,1 пайыз) өндүрүлгөн. Андан кийинки орунда резина жана пластмасса буюмдары (28,3 пайыз) турат. Тоо-кен тармагы металл рудаларын жигердүү казып алган (21,7 пайыз).
Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү 2019-жылдын январына салыштырмалуу 1,6 пайызга өстү. Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн — 4,6 пайызга көбөйсө, курулуш тармагында 1,1 пайыз өсүш байкалат.
Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баалары, тескерисинче, 0,2 пайызга төмөндөгөн.