04:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Интернет аркылуу халифат түзүү чакырган «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды

Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, «Ж.А.» аттуу жаран интернет тармагы аркылуу «Халифат» түзүүгө чакырган.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү жүргүзүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылды.

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

КР Жогорку сотунун токтому менен «Хизбут-Тахрир» 2003-жылдан 20-августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, КР аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар