Кордай окуясында Казакстандан Кыргызстанга 24 миң киши өткөн

10:31, 11 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Кордай окуясында Казакстандан Кыргызстанга 24 миң киши өткөн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү жайлары аркылуу 7-8-февралда канча Казак жараны өткөнү боюнча расмий билдирүү жасай элек.

10-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун акими Аскар Мырзахметовду жана вице-премьер Бердибек Сапарбаевди кызматтарынан бошотту. Бердибек Сапарбаев Жамбыл облусунун акими болуп дайындалганы белгилүү болду.