Маалыматтарга караганда, коронавирус чыккан Ухань шаарынан 54 тажик жараны, анын ичинен 45 студент эвакуацияланат.
Тажикстан ТИМи бортту медиктер, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин кызматкерлери коштоп барарын кабарлады. Ушул эле учак Тажикстандан Кытайга гуманитардык жүк ала кетти.
Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда Кытайдан келген 645 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын көбү студенттер жана ишкерлер. Арасында 47 Кытай жараны да бар.
Тажикстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Өлкөнүн бардык чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде текшерүү күчөтүлгөн.