Бишкекте 10 миң евродон ашык жасалма акчаны сатууга аракеттенген жаран кармалды

15:09, 10 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

10 миң 500 жасалма еврону сатууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

27 жаштагы жаран акча алмаштыруучу жайдын кассири менен сүйлөшүп алып, акчаны сатмакчы болушкан.

УКМК мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.