38 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыртан бери Ахал облусунун башчысы болуп иштеп келген. Түркмөн лидеринин уулун кезектеги жогорку кызматка дайындашы анын «мураскер» даярдоо аракети катары кабыл алынууда.
Жаңы кызматта Сердар Бердымухамедов Ахал аймагынын жаңы борборун куруу боюнча амбициялык долбоорду ишке ашыруу менен алектенери пландалууда. Өткөн аптада президент Гурбангулы Бердымухамедов жаңы калааны курууга 1,5 миллиард доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Буга чейин Сердар Бердымухамедов Ахал облусунун башчысынын орун басары жана тышкы иштер министринин орун басары кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары ал өлкө парламентинин мүчөсү болуп эсептелет.