05:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Адахан Мадумаров жарандык активистке 50 миң сом төлөп бериши керек

«Бүтүн Кыргыстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарандык сотто активист Мелис Аспековко утулду. Бул боюнча Биринчи райондук сотунун канцеляриясынан 24.kg агентигине билдирди.

Чечимге ылайык Адахан Мадумаров Facebook баракчасында айткандары төгүндөп, 50 миң сом моралдык компенцанция төлөп бериш керек.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди деп Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз жазган. Анда активист 2017-жылы саясатчы телеканалдардын биринде Мелис Аспековду «УКМК кызматкерлерине иштейт жана провокатор» деп айтканы негиз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар