17:55
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Чүй областында 46 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Чүй областына карашту Аламедин районунунда 46 жаштагы Кубат Асановдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 24.kg агентигине ШИИБнан билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон кишини үч жума издешкен.

Алдын ала маалымат боюнча зордук-зомбулук өлүм белгилери табылган эмес.

Эскерте кетсек, Кубат Асанов 15-январда үйүнөн чыгып кетип келген эмес. Бир нече күн соң туугандары милицияга кайрылган.

Эң көп окулган жаңылыктар