Өкмөт Кыргызстандан дары-дармектерди чыгарууга убактылуу тыюу салды

09:02, 07 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Өкмөт дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга 6 айга чейин убактылуу тыюу салды.  Аталганга токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскерте кетсек, саламаттык сактоо министирлиги Кыргызстандагы фармкомпанияларга, дарыканаларга жана дарыкана пункттарына беткапты сатууда чектөө киргизген. Дарыканалар бир адамга 20дан ашык беткап сата албайт. 

Андан тышкары, беткаптардын баасын кымбаттатууга дагы тыюу салган.