16:39, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Украина президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленскаянын туулган күнү. Ал 42 жашка толду. Зеленский аялынын туулган күнүнө арнап жылуу куттуктоосун Instagram баракчасына жазып чыкты.
Ал ыраазычылын жубайынын ар бир сөзүнө, көз карашына, бирге баскан жана чогуу өтө турган жолуна билдирди.
«Сүйүп. Суктанып. Сыймыктанам. Балдарыбыздын көзүнөн сизди көрөм. Сиздин камкоордугуңуз менен колдооңузду сезем. Жагымдуу жана жагымсыз жаңылыктарды кабыл алууңузду ойлоном. Үйдөгү жолугушууну биринчи кезигүүбүздөй күтөм. Сөздөр ашык болгон нерсени көзүм менен айтам. Чогуу күлүп, кайгырабыз. Сен менин бактымсын», — деп президент билдирүүсүн калтырды.