Румыния кыргызстандыктарга акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады

16:30, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка кыргызстандыктар катыша алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылына бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 85 гранттык орун бөлүндү. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы — 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек.

Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан ала аласыздар.