Нарында үч унаа сүзүштү. Жол кырсыгында жети киши жаракат алды

12:50, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгынын кесепетинен 7 киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февралда саат 20:00 чамасында жолдун жээгинде токтоп турган ЗИЛ-130ду Дэу Нексия жана ВАЗ-2107 үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.

«Кырсыктын улам жабырлануучулар жеңил жаракаттарды алышты. Каза болгондор жок», — деп жазылат маалыматта.