Айрым айылдык кеңештин башчыларына дагы маяна төлөнөт. Аны кимдер алат

12:48, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Өкмөт айылдык кеңеште акы төлөнө турган кызмат орундардын тизмесин бекитти. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматта караганда, мындан ары айылдык кеңештин төрагалары 1-июндан тарта маяна алып баштайт. Бирок баары эмес. Калкы 20 миңден ашкан айылдык кеңештин башчыларына гана берилет.

Андан сырткары, айрым айылдык кеңештерде катчылар пайда болуп, аларга дагы айлык берилет.