Мамлекеттик бюджетке 26 миллион 408 миң 750 сом которулду

09:31, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Салык төлөөдөн качкан байланыш компанияларынын схемалары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Мекеменин маалыматында, калкка байланыш кызматын көрсөткөн ишканага Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси кылмыш иши козголуп, мамлекетке 26 миллион 408 миң 750 сом зыян келтиргени аныкталды.

Аталган акча кайтарылып, жемкорлуктан түшкөн атайын депозиттик эсепке которулду.