Түркияда жүргүнчү ташыган учак кулап 120 адам жаракат алды

09:22, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Түркияда жүргүнчү ташыган учак кулады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, 5-февралда Измирден Стамбул шаарына учуп келген учак конуу учурунда тилкеден чыгып, үчкө бөлүнүп калган. Кырсыктын келип чыгышына учактын нөшөрлүү жаан-чачындан улам жерге катуу конгондугу айтылууда.

«Окуя болгон жерге куткаруучулар тобу келип өрттү өчүрүп, жүргүнчүлөрдү эвакуациялаган. Кырсыктан каза болгондор жок», — деп жазышат түрк басылмалары.