Кыргызстанга келип иштеген тажик жана өзбек жарандары эми патент алышат

11:23, 05 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда иштөө үчүн патент сатып алышы керек. Бул боюнча мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште сунушталууда.

Демилгечи Исхак Пирматовдун билдирүүсүндө, коңшу өлкөлөрдүн жарандары өлкө аймагында 60 күн визасыз жүрө алышат.

«Айрыкча чек арадагы райондорго коңшу Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары келип сезон учурунда иштеп кетишет. Алар Бишкек, Ысык-Көлгө чейин иш издешет. Аларды жергиликтүү милиция коркутуп-үркүтүп, акчасын тоногон учурлар кездешет. Андыктан биз аны мыйзамдаштырып, акчаны бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, жергиликтүү бюджетке түшүшүн сунуштайбыз. Ар бир райондо салык кызматы бар», — дейт Исхак Пирматов.

Депутат аны менен чек арадагы райондордун бюджетин толуктоого кошумча булак пайда болорун белгилейт.

Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары чек арадагы райондордо талаа жумуштарында, Бишкекте курулуш жаатында иштешет.